БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Селден улам жабылган Папан – Лаглан жолу бир тараптуу ачылды

Селден улам жабылган Папан – Лаглан жолу бир тараптуу ачылды

Абшыр-Атадагы селдин кесепеттерин жоюу. 30-июль, 2024-жыл. Сүрөт: ӨКМ

30-июндагы селден улам убактылуу жабылган Папан – Лаглан ички чарбалык автоунаа жолунун Сары-Талаа тилкеси бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымыдады.

Мекеменин маалыматына караганда, сел суулары жолду жеп кеткендигине байланыштуу Мады айыл аймагынын Лаглан айылындагы эс алуу жайларына барып, кайтып келе жаткан болжолдуу 30га жакын унаа (болжол менен 150гө жакын жаран) өтө албай калган. Жабыркагандар жок.

Мады айыл аймагында 30-июнда саат 19:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей