БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шаардык сот абактагы журналисттердин бөгөт чарасын кароодон баш тартты

Шаардык сот абактагы журналисттердин бөгөт чарасын кароодон баш тартты

Сүрөт: Т- Медиа

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаардык соту алты айдан бери тергөө абагында отурган төрт журналисттин бөгөт чарасын кароодон баш тартты. Ага мамлекеттик айыптоочунун ишти кароосуз калтыруу тууралуу келтирген өтүнүчү негиз болду.

"Мамлекеттик айыптоочу алдын-ала угуудагы токтом даттанууга жатпайт. "Ишти кароосуз калтырып бериңиз" деп сотко өтүнүч келтирди. Сот аны канаттандырды. Бирок биз алдын-ала угуудагы токтомдун камактагы журналисттердин бөгөт коюуу чарасын тандоо бөлүгүнө гана даттанганбыз", -деди жактоочу Улан Сейитбеков.

Буга чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук соту камактагы "Temirov Live" жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн 8-августка чейин узарткан.

Журналисттердин иши буга чейин Биринчи май райондук сотуна берилген. Бирок 10-майда ишти Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтом чыккан. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

28-майда Бишкек шаардык соту арызды карап баштаган. Бирок прокурордун "токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналистти 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ  аларга "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей