БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шаардык сот Адахан Мадумаровду абакта калтырды

Шаардык сот Адахан Мадумаровду абакта калтырды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкек шаардык сотунда 22-февралда парламент депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын каралды. Анда райондук соттун 9-апрелге чейин абакта калтыруу чечими өзгөртүүсүз калды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

 

Мадумаровдун кармалышы

Адахан Мадумаровду милиция былтыр 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. Ошондой эле ага карата дагы бир кылмыш иши козголгону маалым. Анда, Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кине коюлган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен былтыр 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене менен айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 354 статей