БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шаардык сот дагы эки журналистти абакта калтырды

Шаардык сот дагы эки журналистти абакта калтырды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

6-февралда Бишкек шаардык соту "Политклиника" басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков жана "Алга медиа" каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Алар 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта болот. 

Шаардык сот кечээ, 5-февралда "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын, "Нур пресс" медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, "Арча Медианын" (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевди жана "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулун 13-мартка чейин камакта калтырган. 

Буга чейин мекеме журналист Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков, Сапарбек Акунбеков жана Жумабек Турдалиевдин да бөгөт чарасын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. 

Эске салсак: 17-январдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин эки айга камоо чечимин чыгарган. Аларды милиция 16-январда эрте менен кармап кеткен. 

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей