БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Свердлов округу: кайра шайлоого кимдер аттанды?

Свердлов округу: кайра шайлоого кимдер аттанды?

Коллаж Т-Медиа

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына он эки талапкер ат салышууда. Алардын арасында экс-депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, активисттер, врачтар жана ишкерлер бар. Бул тууралуу "Чекит Медиа" аныктап чыкты.

 

Аскар Алмаз уулу - 31 жаштагы талапкер 2021-жылкы өтөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо"Эл үмүтү" социалдык-саясий партиясы менен аттанган. Ошол эл жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого "Наш Народ"(Биздин эл) саясий партисы менен катышкан. Кийин "Демилгелүү жаштар борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы болуп дайындалган. Ал эми былтыр Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо окуругунан талапкерлигин көрсөткөн. 

Учурда Алмаз Аскар уулу "Эл үмүтүнүн"  төрагасы экени маалым.  Эске салсак, factcheck.kg басылмасы бул партиянын президент менен байланышын ачыктаган. 


Таалайбек Усубалиев 57 жашта. Учурда Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынын депутаты. 2021-жылкы өтөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо да аталган  партия тизмесинде болгон.

 

Назарбек Нышанов. 63 жаштагы талапкер Боршайкомдун сайтында врач-онколог деп көрсөтүлгөн. Ал 2020-жылы алтынчы жолу президенттикке талапкерлигин койгон. Убагында бир катар коомдук кыймыл, уюмдарды жетектеп, мүчөсү да болгон. 2023-жылы бир мандаттуу Ленин округундагы  шайлоого талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган. Ушул эле жылы "Бийликти басып алууга аракет жасаган" деген шек менен камакка алынган. Буга чейин айрым маалымат каражаттары аны эки жолу соттологонун жазышкан. 

Юстиция министрлигинин базасынан Назарбек Нышанов учурда бир катар коомдук бирикмелердин директору экенин көрүүгө болот.  




Мээрим Бектемирова 40 жашта. Боршайкомдун сайтында ал Чүй электр тармактар ​ишканасында жетектөөчү адис экени жазылган.

Юстиция министрлиги Мээрим Бектемирова "ИШЕНИМ ШГ №38" коомдук фондунун директору экенин маалымдайт.




Чыңгыз Сапабаев. Талапкер 36 жашта,"КЕН Минералс" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору. Ошондой эле Юстиция министрлигинин базасында абада жүк ташуучу "SAPAR LOGISTIC COMPANY" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору экени жазылган. 




Казыбек Эргешов. 55 жаштагы Эргешов Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери, үч жолку чакырылышынын депутаты. Мурдагы чакырылышта ал "Республика Ата-Журт" партиясынан барганы маалым. 

Эргешов 2022-жылы Свердлов округунан өзүн депутаттыкка талапкер кылып көрсөтүп, кийин кайра баш тарткан. 2022-жылы "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылган. 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде болгон.





Ирина Карамушкина. 60 жаштагы Карамушкина Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон. Ал 90-жылдардан тартып бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап, Бишкек шаардык кеңештин депутаты да болгон.

2022-жылы Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, 25 талапкердин ичинен төртүнчү орунга чыккан. Боршайкомдун сайтында Ирина Карамушкина "учурда убактылуу иштебейт" деп жазылган.




Талантбек Тилебалдиев 55 жашта. Ал "ТЭТ Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору. Мындан сырткары Юстиция министрлигинин базасында "Тунгуч жаны конушу" коомдук бирикмесинин директору катары көрсөтүлгөнүн көрүүгө болот. 





Роман Ремнёв. 41 жаштагы Ремнёвдун коомдук ишмер экени айтылат. Ал 2021-жылы "Кыргызстан Жашылдар" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ал эми 2022-жылы депутаттыкка бир мандаттуу Биринчи май округунан талапкерлигин көрсөтсө, 2023-жылы Ленин округунан койгон.  





Жумабеков Салымбеков. 47 жаштагы талапкер Бишкек шаардык кеңешинин беш жолку чакырылышынын депутаты. Учурда "Эмгек" фракциясынын лидери. Буга чейинки шаарык кеңеште ал КСДПК партиясы менен болгонун айрым маалымат каражаттары жазышкан. 

Салымбеков 2023-жылы "Бай Түшүм"Банкы ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Ал ишкер Аскар Салымбековдун иниси."Дордой" базарынын мурдагы башкы директору. 

Ушу тапта Юстиция министрлигинин базасында Жумабек Салымбековго тийиштүү делеген бир катар компаниялардын көрүүгө болот. Кызыгы Боршайком "Мурас Спорт" ЖЧКсынын директору деп көрсөткөн. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Мурас Спорттун" директору Конокбаева Назгуль Доконовна. Биз Салымбековду негиздөөчүлөрдүн арасынан да таба алган жокпуз. 


Милан Турпанов 46 жашта. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо "Өнүгүү прогресс" партиясынын тизмесинде болгон. Ушул эле жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Ак Санат" элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы" менен аттанганы маалым. 

Буга чейин Милан Турпанов өлкөдөгү шахмат федерацисын жетектеген. Ал эми Юстиция министрлигинин базасында ал "Ак Санат" Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы, "Кыргызстан шахмат коомдук бирикмеси", "КН Глобал", "Ассоциация проектировщиков "БЕКЕМДИК", сыяктуу онго жакын бир катар ишканалардын директору катары көрсөтүлгөн.


Жаныбек Асанбеков. 44 жаштагы Асанбеков Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын учурдагы депутаты. Талапкер Свердлов округунда 2022-жылы өткөн шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок кийин кайра баш тартканы маалым. Асанбеков Юстиция министрлигинде "Биздин Мекен" саясий партиясынын директору деп көрсөтүлгөн. Аталган партия 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо дагы эки партия менен бириккенин маалымдаган. 

ЖМКлар буга чейин Жаныбек Асанбековду туристтик ишмердүүлүк кылган "Бишкек Концепт" ЖЧКсына тиешеси бар экенин жазышкан. Бирок Юстиция министрлигинде аталган коомдун директору катары Денизбек Асанбекович аттуу жаран катталган. Анткен менен талапкердин "Инстаграмдагы" баракчасынан "Бишкек Концепт" туристтик агентигине катталуу экенин, агенттик да жалгыз гана Жаныбек Асанбековго катталганын көрүүгө болот. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен үч округдагы кайра шайлоо 30-июнга белгиленген. БШК 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алынган. Ал эми Свердлов райондук округунан шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей