БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шайлоо: алдын ала жыйынтык боюнча Алтынбек Кылычбаев алдыда

Шайлоо: алдын ала жыйынтык боюнча Алтынбек Кылычбаев алдыда

Алтынбек Кылычбаев

№13 Сузак бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөнөөтүнөн мурда шайлоодо Алтынбек Кылычбаев 10 миң 174 добуш менен алдыда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында айтылат. 

Сузак округунан жети талапкер ат салышты. Алар төмөндөгүдөй добушка ээ болушкан. Медербек Сапарбаев 3280, Жыргалбек Сейдахматов 2 493, Мелисбек Кошалиев 2 435, Асилбек Арапбаев 1 351, Юлия Лилиенталь 749 ,Бейшенбек Бегматов 212 добуш алган.

Бул округдан 124 миң 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Добуш берүүгө 21 миң 57 адам катышкан. 

Эң көп добуш алган 47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев учурда "Жалал-Абад" саноториясынын директорунун орун басары болуп иштейт. Ал өзүнүн социалдык баракчасында буга чейиин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эмгектенгенин жазган.

2015-жылы "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке шайлоого катышып, алдын ала жыйынтык боюнча мандат алмак. Бирок кийин өзү партиядан чыгып кеткен, себебин деле түшүндүргөн эмес.

Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан. 

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Парламентте "Элдик" депутаттык тобунун, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү болгон. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында да "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен шайланган.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей