БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шайлообек Атазов УКМКга күбө катары сурак берип чыкканын билдирди

Шайлообек Атазов УКМКга күбө катары сурак берип чыкканын билдирди

Сүрөт: "Клооп"

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов УКМКга күбө катары сурак берип чыкты. Ал шайлоодогу эки тарапташы он күндөн бери камакта отурганына байланыштуу чакыртылганын билдирди. 


 

Шайлообек Атазовдун айтымына караганда, аларга каршы арызды шайлоодогу атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин үгүтчүлөрү жазган. Мындан сырткары Райымбек Матраимов менен байланышы боюнча да суралган.

 

“Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема – үгүтчүлөр тууралуу айтылды. Бизде катталган эмес, бирок мага үндөп жүргөн балдар. Алар 11 күндөн бери белгисиз болуп жатканы мени тынчсыздандырып, эгер эч кандай аргумент, далил болбосо чыгарып койсоңор деген оюмду айттым. "Матраимов менен байланышың барбы?" деп сурады. Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүш үчүн жардам берип жүгөнүн айттым", -деди депутат. 

 

Эл өкүлү Муртазалиевдин үгүтчүлөрүнүн арызы шайлоодон бир ай өткөндөн кийин түшкөнүн кошумчалады.

 

3-ноябрда Атазов парламенттик шайлоодо ага тарапташ болгон кишилер "убактылуу кармоочу жайда кыйноого алынып, дайыны чыкпай жатканын" жазып чыккан. Эл өкүлү тарапташтарын шайлоо учурунда "Райымбек Матраимов акча берген деп жазгыла" деп талап кылып жатышканын билдирген.

 

2-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын, мамлекеттик органдар бул топко жакын 202 адамдан тазаланып жатканын билдирген.

 

Буга чейин Шайлообек Атазов жана "Женго" деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда эки эркек сүйлөшүп, өзүн "Кадырбек" деп тааныштырган адам "Шайлоо" аттуу экинчи адамдан парламентте уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу маселени көтөрбөөнү, "милиция иштебей жатат" деп айтпоону суранганын угууга болот.

 

Шайлообек Атазов Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, сотто күнөөсүн моюнуна алган Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү. Ал 2022-жылы Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.

 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей