БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Атазов мандатынын ажыратылышы боюнча комментарий берди

Атазов мандатынын ажыратылышы боюнча комментарий берди

Шайлообек Атазов

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатынан ажыратуу боюнча соттун чечимин мыйзамсыз деп баалады. Мындай пикирин ал 6-мартта "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Ал өз сөзүндө соттун чечими эч кандай юридикалык аргумент, фактылар жок экенин айтып, бул саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалганын белгилеген.

"Тилекке каршы, өлкөбүздө президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферистер, шылуундар, сүлкүлдөгөн сүмбүлдөр топтолуп калды. Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт. Мен эми мага болуп жаткан акыркы алты айдагы саясий кысым жана аны кимдер уюштуруп жатат. Баарына күн сайын убакытка карап токтолуп турайын? Сабыр кылдым, жөн коюшпады. Биздин мамлекетте кандай гана мыйзамсыз иштер болуп жатса баарын кылган, өлкө башчыларына туура эмес маалыматтарды жеткирген сүмбүлдөрдүн айынан болуп жатат. Кеп менин мандатымда эмес. Адилеттүүлүктө, мыйзамдуулукта",-деп жазган Атазов. 

6-мартта Бишкектин административдик соту Бишкек шаарындагы №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты жокко чыгарылганын маалымдаган. Мекеме ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун бекиткен.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Шайлообек Атазов ден соолугунан улам акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткенин кабарлаган. 

Жергиликтүү басылмалар Шайлообек Атазов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан иштен улам чет жакка чыгып кеткенин жеке булактарына таянып жазышкан. Андан кийин Атазаов кайрылуу жасап, ушул тапта Түркияда дарыланып жатканын, кайра өлкөгө кайтып келерин билдирген.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы депутаттыка аттанган.  Анда талапкерлердин бири Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айтыпталып, жарыштан четтетилген болчу. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей