БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда

Сүрөт интернеттен алынды

Бир мандаттуу Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 20,76%ы добуш бергенин маалымдады. 

Электрондук эсептин алдын ала жыйынтыгы боюнча №7 Ош шайлоо округунан Бекмурза Эргешов 43.75% добуш менен алдыга чыкты. 

 

 

№2 Баткен шайлоо округунан Бактыяр Калпаев 41,51% добуш алып, алдыда баратат.

 

 

Ал эми №9 Кара-Суу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков 36,16 пайыз шайлоочулардын добушун алган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей