БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шакиев сессия аяктаганга чейин депутаттардын чет өлкөгө сапарга чыгышына чек коюлганын айтты

Шакиев сессия аяктаганга чейин депутаттардын чет өлкөгө  сапарга чыгышына чек коюлганын айтты

Нурланбек Шакиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 17-июндан баштап депутаттардан чет өлкө болчу иш сапарларына чектөө коюлганын эскертти. Бул тууралуу ал парламенттин 12-июндагы жыйынында билдирди. 

Шакиев кесиптештерин активдүү иштөөгө чакырып, Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын аякташына беш гана пленардык жыйын калганын белгиледи. 

"Пленардык жыйында өлкө үчүн, мамлекеттин тагдыры үчүн кабыл алына турган мыйзам долбоорлору бар. Маанилүү документтер бар. Андыктан баарыңыздар активдүү катышып иштеп берсеңиздер. Алдын ала айтып коёюн, дүйшөмбү күндөн тарта бардык чет өлкөлүк иш сапарларга чек коюлду. Өтө маанилүү бирөө-экөө болбосо эле, бардыгын токтотобуз", -деди ал.

Жогорку Кеңештин ар бир сессиясы сентябрда башталып, июнда аяктайт. Эл өкүлдөрү 1-июлдан баштап каникулга кетишет. Июль, август айларында шайлоочулар менен жолугушуулар  уюштурулуп турат.

Парламент былтыр 29-июндан каникулга тараган. Анда Нурланбек Шакиев 75 жыйын өткөнүн, 222 мыйзам долбоору жана 1394 токтом кабыл алынганын айтып, сессиянын ишин "ийгиликтүү болду" деп баалаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей