БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Шал илдети же полиомиелит жөнүндө эмнелерди билүү керек?
Дүйнөдө бир эле адам ооруса, ал баары үчүн кооптуу болот.
Шал илдети же полиомиелит тууралуу уккансызбы? Бул бүткүл адамдар үчүн коркунучтуу болгондуктан атайын ага каршы күрөшүү датасы да бар. Дүйнө жүзү бул датаны 24-октябрда белгилеп, оорунун кооптуулугун элдин эсине салып келет. Кыргызстанда да Саламаттык сактоо министрлиги бир жумалык акция баштаганы турат. Бул негизи кандай оору? Ага каршы эмдөө алуу эмнеге маанилүү? Түшүндүрүп беребиз.
Балдардын шал илдети же полиомиелит - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Вирус адамдын нерв системасын жабыркатат жана бир нече сааттын ичинде толук шал болуп калышы мүмкүн.
Оору кантип жугат?
Инфекциянын негизги булагы - оорулуу адам. Шал оорусу негизи ооз аркылуу жугат. Кир тамак-аш, таза эмес суу да кооптуу. Кээде чүчкүргөндө же жөтөлгөндө жугушу мүмкүн. Бул илдетке айрыкча беш жашка чейинки балдар көп кабылат. Бирок эмдөөдөн өтпөгөн ар кандай курактагылар да жуктурушу мүмкүн.
Белгилери кандай болот?
Оорунун белгилерин 6 күндөн 21 күнгө чейин байкаса болот. Биринчи белги бул - дененин ысышы. Дене өтө жогорку температурада ысып, баш айланып киши баса албай калат.
Кесепетичи?
Полиомиелиттен кийин бейтапта булчуңдардын атрофиясы, буттун деформациясы жана суюлушу, омуртканын кыйшайышы пайда болот. Себеби, вирус барып эле нерв тутумдарын, баш мээ жана жүлүндү жабыркатат. Мына ошондо бейтап шал болуп баса албай калат.
Ооруну алдын алыш үчүн эмне кылуу керек?
Шал оорусу айыкпайт. Ага каршы атайын дарылоо эрежелери дагы, дарысы дагы жок. Ооруну вакцина аркылуу гана алдын алса болот. Кыргызстанда эмдөө боюнча улуттук календарь бар. Ага ылайык, бала төрөлгөндө эле төрөт үйүндө берилет. Андан кийин эмдөө эки айлыгында, кийинкиси үч жарым айлыгында жүргүзүлөт. Беш, тогуз айында да бир жолу вакцина алат.
Кыргызстанда полиомиелит көп жылдан бери катталбайт. Анда эмнеге балдарды эмдөөдөн өткөрүш керек?
Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматы боюнча, Кыргызстанда шал оорусу 30 жылдан бери катталбайт. Анткени калктын 95%ына бул ооруга каршы эмдөө жасалган. Ошонун эсебинен 2002-жылдан бери Кыргызстан "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификатына ээ. Бирок дүйнөдө бир эле адам ооруса, ал баары үчүн кооптуу болот. Алдын албоо илдеттин глобалдык жайылышына алып келиши мүмкүн.
Автор: Т-Медиа > 388 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat