БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто балбандарды кантип колдошту? Сүрөт баян

Ошто балбандарды кантип колдошту? Сүрөт баян

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ошто тургундар Олимп оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчулардын беттештерин кантип күзөтүп жатат? “Т-Меданынын” кабарчылары сүрөт баян даярдады.

Шаардагы “Алымбек Датка”этнографиялык комплексинде беттештер чоң экранда көрсөтүлүп жатат. Тургундар 5-августта, ал жерге кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков жана Мээрим Жуманазарованын күрөшүн көрүүгө чогулган. 


Көрүүчүлөр спортчулардын капчыгына түшкөн ар бир упайда олтурган жеринен тура калышып кол чаап, сүрөп турушту. Бул жерге балбандардын кичинекей күйөрмандары да келген. 


Жоламан Шаршенбеков алгачкы казакстандык атаандашын 6:3 эсебинде жеңип чыгып, күйөрмандарына сүйүнүч тартуулады. Мээрим Жуманазарова болсо, биринчи беттешинде монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды жеңип кубантты. 

Андан кийин Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда жапониялык атаандашына 4:3 эсебинде жеңилип калды. Эми кыргыз балбаны коло медаль үчүн бүгүн, 6-августта беттешет. 

Жуманазарова болсо, чейрек финалда күчтүү делген атаандашы Нонока Озакини акыркы көз ирмемде 8:6 менен утуп, жарым финалга чыккан. Кийин нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.

Эми финалдык беттеште Жуманазарова АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медал үчүн мелдешет. Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.

Учурда Парижде жайкы Олимп оюндары өтүүдө. Ал 26-июлда башталган, 16-күнгө созулат. Мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу кеткен.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей