БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шаршенбеков менен Жуманазарованын Олимпиададагы алгачкы атаандаштары белгилүү болду

Шаршенбеков менен Жуманазарованын Олимпиададагы алгачкы атаандаштары белгилүү болду

коллаж

Бүгүн, 4-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарынын алкагында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чүчү кулак тартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. 

Чүчү кулактын жыйынтыгында 1/8 финалда Жоламан Шаршенбеков казакстандык Айдос Султангали менен күч сынашмай болду. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күрөшөт. Беттештер 5-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Буга чейин кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча беттешке чыккан. Ал алгачкы атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык спортчуга жеңилип калган. Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу да украиналык атаандашына жеңилип, беттештен четтеди. 

Олимпиадага кеткен суучулдар да оюндарын жыйынтыктаган. Денис Петрашов эркектер арасында 100 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыккан. Ал 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чейин жетти. Дагы бир суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө 79 спортчудан 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алган жок. 

Бокс боюнча беттешке чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки атаандашын жеңип, жарым финалга өткөн. Ал 9-августта мелдешке чыгып, Кыргызстанга бул спорттун түрүнөн Олимпиадада алгачкы медалды утканы турат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей