БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Шашылыш билдирүү: аба ырайы бузулуп, күн сууктайт

Шашылыш билдирүү: аба ырайы бузулуп, күн сууктайт

Cүрөт интернеттен алынды

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматы 5-17-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин начарлай турганын эскертти. Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу аймактарда күрткү пайда болушу ыктымал.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус, Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градуска жетет. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6, Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градусту түзөт. 

Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10, тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12 градус болот. 

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатары кошумчаланды.

Автор: Т-Медиа > 389 макала