БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шектүүлөрдү электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөө боюнча мыйзамга кол коюлду

Шектүүлөрдү электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөө боюнча мыйзамга кол коюлду

Сүрөт: kaktus сайтынынан алынды

Президент Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрда кабыл алып берген. 

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, электрондук жана башка техникалык көзөмөлдөө каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу шектүүлөр аралыктан көзөмөлдөнүп турат. Мындан тышкары тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындары жана туугандарынын соттук отурум өтө турган жерге баруусуна, аларды жайгаштырууга кеткен чыгымдарына байланыштуу кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту камсыз кылуу максатында процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуусу камсыз кылынат.

Эске салсак, Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти соттолуп, пробацияга алынгандарга 300 электрондук билерик сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.  Ага 4 млн сом жумшалары айтылган. Электрондук билерик смарт саат сыяктуу колго тагылып, адамдын жайгашкан жери көзөмөлдөнөт.  

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей