БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Шаршенбеков менен Жуманазарова жарым финалга чыкты

Олимпиада-2024: Шаршенбеков менен Жуманазарова жарым финалга чыкты

коллаж

Олимп оюндарында грек-рим күрөшүндө беттешкен Жоламан Шаршенбеков менен кыз-келиндер күрөшүндө Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты. Балбандар алгачкы жана чейрек финалдык беттешин бүгүн өткөрдү. 

Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта алгач казакстандык атаандашын 6:3 эсебинде андан кийин чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 9:0 эсебинде утту. Кыргыз балбаны жарым финалда жапониялык Кеничиро Фумита менен күч сынашат.

Ал эми, Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта күрөшүп жатат. Ал алгачкы беттеште монголиялык балбан кызды, чейрек финалда Нонока Озакини 8:6 эсеби менен утту. Жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешет. 

Жарым финалдык оюндар 6-августка караган түнү саат 1:00дө болот. 

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Буга чейин кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча беттешке чыккан. Ал алгачкы атаандашын жеңип, 1/8 финалда испаниялык спортчуга жеңилип калган. Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу да украиналык атаандашына жеңилип, беттештен четтеди. 

Олимпиадага кеткен суучулдар да оюндарын жыйынтыктаган. Денис Петрашов эркектер арасында 100 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыккан. Ал 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө жарым финалга чейин жетти. Дагы бир суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө 79 спортчудан 30-орунду ээлеп, жарым финалга өтө алган жок. 

Бокс боюнча беттешке чыккан Мунарбек Сейитбек уулу эки атаандашын жеңип, жарым финалга өткөн. Ал 9-августта мелдешке чыгып, Кыргызстанга бул спорттун түрүнөн Олимпиадада алгачкы медалды утканы турат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей