БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: мэриянын эки кызматери кармалганы кабарланды

Ош: мэриянын эки кызматери кармалганы кабарланды

Сүрөт: Турмуш

Ош мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев, Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев, Төлөйкөн айылдык кеңешинин мурдагы төрагасы жана мэрдин жардамчысы кармалды. Бул тууралуу "Т-Медиага" өздүк булактар билдирди. 

Маалыматка караганда, Пайзиев менен Олжобаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 4-июнда кармалган. Аларга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 6-июнда Ош шаардык сотунда каралары күтүлүүдө. 

УКМКнын басма сөз кызматы жакын арада расмий маалымат берилерин билдирди. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей