БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Шылуундардын алып-сатуу тиркемелериндеги амалы

Шылуундардын алып-сатуу тиркемелериндеги амалы

Иллюстративдик сүрөт

Бир нерсе сатаарда шылуундардан абайлаңыз! Алар керек болсо онлайн алып-сатуу тиркемелеринде да жүрүшөт. 

Lalafo.kg сайтына "проектор сатам" деп жарнама калтырган кыз ага кардар күмөндүү шилтеме жибергенин айтып редакциябызга кайрылды. Ал буюмун жарыялаган соң, сатып алам деп кардар жазган. Өзүн башка шаарда экенин айтып, “буюмду сиз жашаган жердеги таанышым алып кетет” деп билдирген. Акчасын KoronaPay менен которуп бермек болгон. Вотсап номерине шилтеме жөнөтүп, ошол жерден каалаган банкты тандап, которуп алууну сунуштаган.


 

Бирок алар сунуштаган шилтеменин KoronaPay (Коронапэй) тиркемесине тиешеси жок экенин аныктадык. Тиркеменин расмий сайты https://koronapay.com. Ал эми шылуундардыкы — https://koronapay.kg-wf.icu

kg-wf.icu домени — 2024-жылдын ноябрында Кыргызстанда Александр Гатин деген жарандын атына катталыптыр. Ачык булактардан ал тууралуу маалымат таба алган жокпуз. 

Ал эми сайттын шилтемеси азыркы учурда иштебей калган. 

Бул интернет-фишинг сыяктуу шылуундардын кезектеги амалы. Андыктан интернетте бир нерсе сатаарда сунушталган сайттын доменине сөзсүз түрдө көңүл буруңуз. Аларга жеке маалыматты берүүдө этият болуңуз.

Буга чейин да Лалафого кийим сатам деп жарнама калтырып, шылуундарга туш болгондор бар. Кардар СДЭК аттуу курьердик кызматынын расмий сайтына окшош сайттын шилтемесин жөнөткөн. Фактчекерлер алар сунуштаган шилтеме СДЭК компаниясына таптакыр тиешеси жок экенин аныкташкан.

Кыргызстандын Улуттук банкы шылуундар Lalafo, Diesel жана Instagram сыяктуу популярдуу жарнама кызматын колдонуу аркылуу жарандардын төлөм карталарындагы жеке маалыматтарга ээлик кылып, андагы бардык акчаны чыгарып ала баштаганын эскерткен.

Жыйынтык: Бул интернет-фишинг сыяктуу шылуундардын кезектеги амалы. Интернетте бир нерсе сатаарда сунушталган сайттын доменине сөзсүз түрдө көңүл буруңуз. Аларга жеке маалыматты берүүдө этият болуңуз. Шектүү шилтемелерди эч качан ачпаңыз. Сыр сөздөрдү ачыкка чыгарбаңыз. Банк сизден телефон аркылуу чалып же кат жөнөтүп сыр сөздү айтып коюшуңузду эч качан сурабайт. Эгер, аны сурап жатышса демек, ал шылуундар.

Автор: Т-Медиа > 392 макала