БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Скутерге чыккыңыз келсе бул эрежелерди сактаңыз

Скутерге чыккыңыз келсе бул эрежелерди сактаңыз

Сүрөт интернеттен алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууда скутер менен жүрүүдө сакташ керек болгон эрежелерди эскертти.

Скутер, кайык, катамаран, үйлөнгөн банан жана моторлуу кайыктарга чыкканы жаткан жарандар бул эрежелерди эске алышы керек. Айрыкча аларга отурсаңыз көлдүн кооптуу жерине барбай, шамал болсо такыр эле чыкпай койгонуңуз оң.

  • Моторлуу кайыкка түшсөңүз, аны башкарууну билишиңиз керек;
  • коргонуу чыптама сөзсүз кийиңиз;
  • күйүүчү майы жана башка керектүү жабдууларынын камсыздалышын текшериңиз;
  • айланасында сууда жүргөн адамдар болсо жай жана кылдаттык менен өтүңүз;
  • көрсөтүлгөн айдоо ылдамдыгынан ашпаңыз;
  • кайыкка түшүп жатканда бел курларын бекемдеп тагыныңыз;
  • көлөмү тар сууларда скутерди айдабаңыз;
  • навигация эрежелерин байкап туруңуз;
  • шамал болуп жатканда скутер, кайыктарга чыкпаңыз;
  • ичимдик ичкен абалда түшпөңүз;
  •  алдынан теплоход же башка чоң көлөмдүү кайыктарга жол бошотуңуз;
  • сууда жүргөн адамдарга же кайыктарга алыстан баам салып, толкундуу сууну чачыратпаңыз;
  • чылым чекпеңиз.

Быйыл Ысык-Көлдө скутерге байланышкан бир нече кырсыктар болгон. 15-июлда сууда сүзүп жаткан адамды катер сүзүп көз жумган. 31-июлда скутер минип бараткан киши сууга чөгүп кеткен. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей