БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Журналисттер көмүр кенди ээлегендер аткаминерлер менен депутаттардын жакындары экенин аныкташты

Журналисттер көмүр кенди ээлегендер аткаминерлер менен депутаттардын жакындары экенин аныкташты

Интернеттен алынды

"Азаттык" "Сүлүктү көмүр кенин ээлеп алган аткаминерлер" деген аталыштагы иликтөө жарыялады. Анда буга чейин көмүр сатууда жана экспорттоодо коррупциялык схема түзгөн делген ишканалардын жетекчилери мурдагы аткаминерлер, азыркы депутаттардын жакындары экенин аныкташкан.

 

Материалда УКМК мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоо үчүн Сүлүктү шаарынын аймагында көмүр казуу жана экспорттоо менен алектенген 29 ишкананын соңку алты жылдагы экономикалык ишмердүүлүгү, салык төлөөлөрү боюнча текшерүү жүргүзгөнү сөз болот. Атайын кызмат 11 ишканын аталышын жарыялаган. Анда эң көп  "Рио Групп" ишканасы 48 млн 275 миң сом салык төлөгөн. Ал эми "Имамидин Экспорт" 4 млн 804 миң сом, "Ахмат Кен"8 млн 925 миң сом, "Кен Ордо" 21 млн 818 миң сом жана "ЖИ Мадаминов" 3млн 346 миң сом казынаган төккөн. 

Журналисттер ачык булактардагы маалыматтарга таянып, "Рио Групп" компаниясына Жогоку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин апасы Асилхан Макамбаева ээлик кыларын аныкташкан. Интернетте эл өкүлүнүн атасы Ильяскожо Ажибаевдин маркум Камчы Көлбаев менен сүрөтү тараган. Чыңгыз Ажибаев атасынын ишканалары, Көлбаев менен байланышы боюнча төмөнкүлөрдү айткан:

"Салык кызматы ошол ишканаларды жыл сайын текшерип турчу. Анан ошол учурда аныкталбай, азыр аныкталып жаткандыгы суроо жаратат. Мен сураганда болгонун болгондой тапшырып жүргөнбүз дейт. Мен өзүм ал жакка барып да көргөн эмесмин. Көлбаев менен өзүмдүн да, үй-бүлөмдүн да эч кандай байланышы жок. Интернеттеги сүрөтү көрдүм, бирок бир дагы расмий сайт чыгарган жок. Бирок ал жерде кылмыш жасап жаткан жок да. Атамдан сурасам "Дзюдо" федерациясынын президенти "спорт комплекси салынып жатат" деп алып барганда ошол жерден түшкөн экен".

Мындан сырткары иликтөөдө каржылык иши шек жараткан ишканаларга жетекчилик кылгандардын арасында Сүлүктүнүн мэрлери, азыркы жергиликтүү кеңештин дептутаттары бар экени айтылат. 

Эске салсак, Сүлүктүдөгү көмүр боюнча атайын кызмат эки ай мурда текшерип баштаганын билдирген. Анда коррупция беренеси менен беш киши кармалган. 

10-ноябрда УКМК Баткенде мыйзамсыз көмүр бизнесин уюштурган ишканаларга жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке 11 ишканадан 87 миллион сомдон ашуун каражат кайтарылганын билдирген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей