БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сүлүктүдөгү көмүр шахтада уранды алдында калган эки жаран куткарылды

Сүлүктүдөгү көмүр шахтада уранды алдында калган эки жаран куткарылды

Видеодон кыркып алынды

Сүлүктү шаарындагы “Южный 3” шахтасында уранды астында калган эки кен казуучу куткарылды. Бул тууралуу 8-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМге кырсык боюнча маалымат 7-январда саат 19:49да түшкөн. Жерине алгач сегиз, андан кийин он куткаруучу тартылган. 

Издөө иштери көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлүп, жарым саат өтпөй 32 жана 48 жаштардагы эки жаран куткарылган. 

Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында соңку эки жыл аралыгында куткаруучулар жалпы 94 куткаруу иштерине тартылып, анын ичинде алты жарандын өмүрүн сактап калышкан.

2022-жылы ушул эле шахтада газга ууланып калган төрт кен казуучу куткарылган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей