БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Сойкуканалардын табылышы: УКМК кайсы мыйзамдарды аттап өттү?

Сойкуканалардын табылышы: УКМК кайсы мыйзамдарды аттап өттү?

Коллаж

27-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интимдик кызмат көрсөтөт делген 67 кыз-келиндин сүрөтүн жарыялады. Анда алардын жүзү ачык көрсөтүлүп, айрымдарынын паспорту, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номурларынан бери таратылды. Атайын кызмат муну мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү максатында чыгарганын билдирди.

"Т-Медиа" УКМК бул аракети менен кайсы мыйзамдарды аттап өткөнүн тизмектеп көрдү.

Негизи Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөткөндөр үчүн атайын жаза жок. Алар "Бейбаштык", "Коомдук тартипти бузуу" беренелери менен кармалышы мүмкүн. 

Сойкулук кылууга тарткандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул каралган же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде көрсөтүлгөн. Ушул эле кодекстин 160-беренесинде сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштургандар жана сойкулукка көмөктөшкөндөр жети жылга чейин эркинен ажыратылышы айтылган.  

Кайсы мыйзамдар бузулду?

Коомчулук УКМКнын 67 кыздын сүрөтүн ачык жарыялаганын, аларды күнөөлүү катары тааныганы катары кабыл алып жатат. Бирок кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 17-беренесинде эч бир жаран соттун айыптоо өкүмү чыкмайынча күнөөлүү деп эсептелбей турганы жазылган.  

Ошондой эле Баш мыйзамдагы 29-берене сакталган жок. Бул мыйзам боюнча адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты жайылтууга жол берилбеши керек. 

Жарандык кодекстин 19-беренесинде болсо адамдын жарыяланган сүрөтүн анын макулдугусуз таратууга эч кимдин укугу жок экени жазылган.  

Жеке маалыматты тараткандарга жаза

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 2281-беренесинде жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды укукка каршы колдонуп, башкаларга жайылткандарга 20 миң сом айып пул салынары көрсөтүлүп турат. 

Мыйзам жаран өзү макулдугун берсе же ал адам башкалардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жарата турган учурда гана ал тууралуу маалыматты таратууга мүмкүндүк берет. Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамга ылайык, жарандын көз караштарына, ден соолугуна, сексуалдык адатына байланыштуу факторлорду ачыкка чыгаруу үчүн анын жеке маалыматтарын чогултууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынат.

Кызмат адамдары маалыматты чыгарган учурда

Мыйзам боюнча сотко чейинки тергөөнүн маалыматтары ачыкка чыгарылса 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул бар. Ал эми мындай маалыматтар прокурор, тергөөчү же башка кызмат адамы тарабынан ачыкка чыгарылса 50 миңден 100 миң сомго чейинки өлчөмдө төлөнөт. 

Ошондой эле Кыргызстан 1992-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө жана андагы кабыл алынган декларациялар боюнча адам укуктарын коргоого тийиш. Уюм кабыл алган Адам укуктарынын жалпы декларациясында адам жеке жашоосуна кол салуудан мыйзам менен коргонууга, күнөөсү соттук ачык териштирүү жолу менен мыйзамдуу тартипте белгиленгенге чейин күнөөсүз деп эсептелүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөн. 

Жыйынтык: УКМК 67 кыздын сүрөтүн, паспортун жарыялап "сойку" деп атоо менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 17-беренесин, Баш мыйзамдын 29-57-беренесин, Жарандык кодекстин 19-беренесин, Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдын 8-беренесин бузган. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 173 макала