БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Соңку беш жылда кургак учуктан каза болгондордун саны 33%га кыскарганы айтылды

Соңку беш жылда кургак учуктан каза болгондордун саны 33%га кыскарганы айтылды

Сүрөт: USAID

Кыргызстанда беш жылга эсептелинген "Кургак учукту айыктыруу" долбоору жыйынтыкталды. USAID каржылаган программа өлкөдө аталган илдетке кабылгандарды дарылоодо жана ооруну алдын алууда кыргыз бийлигине көмөк көрсөтүүнү көздөгөн.

Беш жыл ичинде долбоордун алкагында 20 миң 200 долларлык инвестиция жасалып, бейтапканалардын материалдык техникалык базалары чыңдалган.

Долбоор Ош, Баткен, Нарын, Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында ишке ашырылып, аймактардагы күргак учукту дарылоо борборлору толугу менен санариптештирилди. Тактап айтканда, оорунун 47 миң 700дөн ашык санарип рентген сүрөтүн камтыган жана башка диагностикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сактай алган улуттук база түзүлдү. Натыйжада мурда жөнөкөй какырыктын анализи алынып, борборго жиберилип, анын жыйынтыгы аймакка кайтып келгиче бир же эки айлап убакыт кетсе, эми эки күндө жетет.

Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына караганда, соңук беш жылда кургак учуктан каза болгондордун саны 33%га кыскарган. Былтыр бул дарттан жапа чеккендердин саны мурунку жылдарга караганда азайган. Жаңы аныкталган 4170 бейтап катталган (калктын 100 миңине 59,8). 2022-жылдын ушул эле мезгилинде көрсөткүч - 4568 (100 миң калкка 65,5), 2021-жылы - 4596 (100 миң калкка 68,7) болчу.

Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда сакталууда – 100 миң калкка 88,5 (2022-жылы – 100 миң калкка 99,1). Ал эми эң төмөнкүсү Ысык-Көлдө – 100 миң калкка 42,0 (2022-жылы – 44,4).

Аталган долбоордун алкагында өлкө боюнча 43 миңден ашуун ден-соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери, жамааттык жана диний лидерлер кургак учук боюнча окутулган. Мунун арты менен илдет тууралуу туура маалымат коомчулукка таркап, бейтаптарды кодулоо, басмырлоо фактылары да азайган.

Автор: Т-Медиа > 361 статей