БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сокулук: жашы жете элек кыздын окуясы териштириле баштады

Сокулук: жашы жете элек кыздын окуясы териштириле баштады

Сүрөт: "Вести"

Сокулукта байланган абалда табылган өспүрүм кыздын окуясы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу 30-октябрда "Т-Медиага" Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

 


Маалыматка караганда, бардык зарыл болгон укуктук экспертизалар дайындалып, күбөлөрдөн далилдери жана көрсөтмөлөрү суралган. Милиция окуянын чыныгы себебин аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин убадалады.

 

24.kg басылмасы Сокулукта 7-класста окуган кыз оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылганын өздүк булактарына таянып жазган. Окуя 24-октябрда болгон. Окуучу кызды улгайган жубайлар көчөдөн  шымы, ич кийимдери шыпырылып, эси ооп жаткан абалда табышкан.


Күбө болгондор милиция кызматкерлерин жана кыздын туугандарын чакырышкан. Мектеп окуучусу бакма үй-бүлөдө тарбияланып жатканы белгилүү болду.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей