БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Оштогу бөлүмдөрүнүн жетекчилери кармалды

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Оштогу бөлүмдөрүнүн жетекчилери кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю жана П.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети маалымдады. Мекеме тараткан билдирмеге караганда, алар айрым ишканаларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп бергени аныкталган.  

 

Маалыматка караганда, кармалгандар соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнөн көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат баадагы көмүрдү арзан деп баалаган сертификат берип турушкан. 

"Бир килограмм көмүр үчүн 1-1,5 сомду түзгөн көмүрдүн БСШ сорту деп жасалган товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды мыйзамсыз беришкен. Импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр негизинен П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн. Ал жерде ал уюштуруучу же директор болгон төмөндөгү ЖЧКлар бар: Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант", -деп айтылат маалыматта.

12-ноябрда П.Кнын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда 28 миң АКШ доллары, 1 миллион 997 миң сом жана 99 миң рубль, мөөрлөр, кыймылсыз мүлккө документтер табылган. Учурда атайын кызмат мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзуп жатат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей