БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Сосновка" жана "Арал" бекеттеринде жүк ташыган автоунааларга чектөө киргизилди

"Сосновка" жана "Арал" бекеттеринде жүк ташыган автоунааларга чектөө киргизилди

Сүрөт: ӨКМ

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам "Сосновка" бекетинде 23-ноябрь күнү таңкы саат 04:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Азыркы тапта Бишкек-Ош жолунда кар жаап, жолдун 114-209-чакырым аралыгы жана 209-250-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 

 

Ошондой эле оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө Токтогул районунун "Арал" бекетине да киргизилди. 

"Өлкөнүн башка ашууларында да жааган кар жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Каттам бар. Баса белгилей кетчү жагдай, чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Мындан улам тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырабыз", -дейт министрлик. 

Кыргызгидромет 24-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондорунда кар жаай турганын эскертти. Күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей