БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлү деп таап, абакта калтырды

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлү деп таап, абакта калтырды

Сүрөт: “Т-Медиа”

26-марттын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго чечим чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, соттун чечимине ылайык, Мадумаров күнөөлүү деп табылган. Бирок кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерилген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргиче абакта калтырылды. 

Буга чейинки отурумда прокурор Мадумаровго эки эпизод боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулсун деген өтүнүч келтирген.

Мадумаровдун кармалышы

Адахан Мадумаровду милиция 2023-жылдын 2-сентябрында Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен саясатчы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. 

Ошондой эле ага карата дагы бир кылмыш иши козголгону маалым. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кине коюлган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен былтыр 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене менен айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. 

Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей