БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шаардык сот Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыраткан чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Шаардык сот Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыраткан чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга кескен Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Т-Медиага" шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, Аскат Жетигендин кассациялык арызы бүгүн, 17-октябрда каралып, өзгөртүүсүз калтырылган. 

1-июлда Бишкектин Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетигенди "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча актап, "Бийликти басып алууга чакырык" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Ал үч жылга эркинен ажыратылган. 

25-июнда прокурор соттон Аскат Жетигенди күнөөлүү деп, Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси менен төрт жыл, "Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сураган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскат Жетигенди ушул жылдын 16-мартында Кочкордон кармап, Бишкекке алып келген. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 20-мартта ырчыга дагы бир иш козголуп, кайрадан камакка алынганАкынга карата жалпы эки кылмыш иши козголгон. Бири - 2020-жылкы видео билдирүүлөрүнө байланыштуу, экинчиси - ушул жылдын март айында жасаган кайрылуусу.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда"деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген.

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей