БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Аскат Жетигенди абактан бошотту

Сот Аскат Жетигенди абактан бошотту

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Максат Боромбаев

18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ырчы, акын жана активист Аскат Жетигендин баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту. 

Буга чейин Аскат Жетиген өзүнө карата коюлуп жаткан айыптарды кылмыш деп эсептебей тургандыгын  айткан. 

Улуттук коопсуздук кызматы Аскат Жетигенди 16-мартта кармаганы белгилүү болгон. Буга чейин жактоочусу Венера Буудайбекова билдиргендей, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам "бийликти басып алууга чакырык жасалган"деп шектеп, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. 

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда"деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей