БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыратты

Сот Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыратты

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

1-июлда Бишкектин Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетиген уулуна карата чечим чыгарды. Ал "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча акталды. Ал эми "Бийликти басып алууга чакырык" беренеси  менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Т-Медианын" сотто жүргөн кабарчысы билдирди.   

Соттук отурумда Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке какты. Ал "социалдык тармактарга жарыялаган кайрылууларында бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын" айтты.

25-июнда прокурор соттон Аскат Жетигенди күнөөлүү деп, Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси менен төрт жыл, "Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сураган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскат Жетигенди ушул жылдын 16-мартында Кочкордон кармап, Бишкекке алып келинген. 18-мартта Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 20-мартта ырчыга дагы бир иш козголуп, кайрадан камакка алынган.

Акынга карата жалпы эки кылмыш иши козголгон. Бири 2020-жылкы видео билдирүүлөрүнө байланыштуу, экинчиси ушул жылдын март айында жасаган кайрылуусу.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда"деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей