БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ош: аялы менен кайненесин сабаганга шектелген жаран бир айга камалды

Ош: аялы менен кайненесин сабаганга шектелген жаран бир айга камалды

Ош облустук милициясы тараткан сүрөт

Ошто аялы менен кайненесин сабаганга шектелген 35 жаштагы жаран бир айга камакка алынды. Бул тууралуу “Т-Медиага” Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы 17-декабрда билдирди. 

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси “Уруп-сабап кыйноо” боюнча айыпталууда. 

Анын үстүнөн 30-ноябрда Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ур-токмокко алганын айткан. Мындан сырткары аталган жарандын аялы да арыз жазганы айтылган. Ур-токмокко алуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жаткан. 

 Буга чейин Кара-Суу райондук соту аны жети суткага камака алган. 

Автор: Осмонова Айдана > 804 макала