БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот департаментине 92 млн сомго 47 автоунаа сатып алынды

Сот департаментине 92 млн сомго 47 автоунаа сатып алынды

Сүрөт: Министрлер кабинети

Бүгүн, 22-декабрда Сот департаментине 47 автоунаа тапшырылды. Машиналар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алынган. 

Тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты. Ал эки жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге өскөнүн билдирди. Анын айтымына караганда, 2020-жылы бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнсө, быйыл 3,5 млрд сом берилген.  

"Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат жылдан жылга көбөйүүдө. Соттук отурумдарга сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап технологиялар киргизилүүдө. Санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү", – деди Акылбек Жапаров.

Автор: Осмонова Айдана > 653 статей