БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот экс-депутат Бакировду шайлоодо добуш сатып алууга күнөлүү деп тапты

Сот экс-депутат Бакировду шайлоодо добуш сатып алууга күнөлүү деп тапты

Өмүрбек Бакиров

Ноокат райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду "2021-жылы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган" деген айып боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага 200 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу 26-февралда "Т-Медиага" Ош облусттук сотунун маалымат катчысы Адила Сулайманкулова билдирди.

Анын маалыматына караганда, мындай чечим 2023-жылдын 26-декабрында чыккан. Кийин  Бакировдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берген.

Эске салалы: 2023-жылы 26-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Бакировду депутаттык мандатынан ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырган. Бакиров бул чечимди мыйзамсыз деп атаган.

Бакировду 29-августта Ош облустук милициясы кармап кеткен. Анда 2021-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак берген. Анын адвокаты мандатынан ажыраган депутат дооматтарды четке какканын билдирген.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Талапкерлердин бири, Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей