БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Өндүрүш Токтонасыровго 100 миң сом айып пул салды

Сот Өндүрүш Токтонасыровго 100 миң сом айып пул салды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси боюнча күнөлүү деп тапты. Ага 100 миң сом айып пул салынды. Мындай чечим 19-июнда чыкканын "Т-Медианын" соттук процессте жүргөн кабарчысы билдирди. 

Токтонасыров өзүнө карата тагылган айыптарга макул эместигин айтты. 

"Соттун чечимине мен баары бир каршымын. Мен муну кабылдабайм. Мен айыпкер эмесмин. Кечээ мамлекеттик айыптоочу үч жыл сураган. Бүгүн өзгөртүп, 100 миң сом айып салды. Кайсы күнөөм үчүн? Туура эмес. Жогорку инстанцияларга кайрылам". 

18-июндагы соттук отурумда прокурор активистти үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган. 

Токтонасыровго карата кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Аны милиция 30-июнда кармап кеткен. Кийин укук коргоочунун "Фейсбук" баракчасына жазгандарына карата экспертиза дайындалганы маалым болгон. 

 Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара тууралуу пикирин ачык айтып, акцияларга чыгып келген. 

Автор: Т-Медиа > 353 статей