БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Сүрөт: УКМК

Баткен райондук сотунун чечими менен президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. 11-январга чейин камакка алынды. Облустук соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал Оштогу тергөө абагында кармалат.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда кабарлаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда шектүү тарап жана алардын адвокаттары бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Кеңешчисинин кармалышы боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 25-ноябрда видео кайрылуу менен комментарий берип, бул окуяга тиешеси жоктугун, пара алган кеңешчисинен муну күтпөгөнүн, эми ал мыйзам алкагында жооп бериши керектигин, коррупцияга каршы бийликтин жүргүзүп жаткан иштерин толук колдой турганын айткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей