БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Соттолучуларга электрондук билерик сатып алууга тендер жарыяланды

Соттолучуларга электрондук билерик сатып алууга тендер жарыяланды

Сүрөт: kaktus сайтынынан алынды

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти соттолуп, пробацияга алынгандарга 300 электрондук билерик сатып алуу үчүн сынак жарыялады. Бул үчүн дээрлик 4 млн сом акча жумшалат. 

Мекемин маалыматына караганда, электрондук билерик смарт саат сыяктуу колго тагылып, адамдын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө арналат.

 

Электрондук билериктерге төмөндөгүдөй талаптар коюлган: 

Пластмассадан жасалып, кара түстө болушу керек. Кеминде эки баскычы болуп, сапаты жагынан да мыкты болушу зарыл. Мисалы, аны демонтаждоого, өз алдынча боосун алмаштырып же жаран уруксатсыз алып сала албай тургандай болушу шарт. -20 градустан +65 градуска чейин чыдамдуу келсин деген да талап бар. 

Суу кирбей, чаңдан да корголуп турушуусу абзел. Эгер, соттолгондорго билерик тагылса убакыт көрсөтүп, кайда барып келип жатканы тууралуу бардык маалымат жазылып калат жана аны көзөмөлдөгөндөгргө көрүнүп турат. Белгиленген чек арадан чыкканда белги берет. Электр тогу менен кубатталып, кошумча, Power bank да алуу каралган.

2023-жылдын май айында зомбулук көргөн кыз-келиндерди коргоо үчүн электрондук билерик колдонуу сунушу каралган. Анда кыз-келинге кооптуу болгон адамдар же мурда зомбулук көрсөткөндөргө билерик тагып, аларды көзөмөлдөп туруу сунушталган. Ошол эле жылдын ноябрь айында электрондук билерикти сыноодон өткөрүлүп жатканы кабарланган. Учурда билерикти колдонуу боюнча мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңеште каралып жатат.

Электрондук билериктер экономикалык иштер менен кармалган, пробациялык мөөнөт берилген жарандарга колдонулат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей