БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
СПДК партиясынын штаб башчысы менен тарапташы кармалды
"Социал-демократтардын" Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер аттуу партиянын тарапташы кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме тараткан маалыматта партиянын расмий өкүлү Роза Турксевер Карамушкина менен макулдашып, ар бир добуш үчүн миң сомдон берип, шайлоочулардын добуштарын сатып алууну уюштурганы айтылат.
"Көрсөтүлгөн жагдайлар "Социал-демократтар" саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабын тинтүүнүн натыйжасында алынган, анын жүрүшүндө Т.Р., аттуу жаран шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин кырктан ашык адамга бөлүштүрүү жөнүндө тизмеси жана процессуалдык тартипте алынган 28 миң 300 сом суммадагы акча каражатын жок кылууга аракет кылган",- деп айтылат маалыматта.
Учурда алар шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
13-ноябрда милиция "Социал-демократтар" партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген видео боюнча “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренеси менен кылмыш иши козгогон.
Ал арада "Социал-демократтар" партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасындагы түз эфирде аны милиция суракка чакыргандыгын айткан.
Мунун алдында "Социал-демократтарды" Бишкек шаардык кеңешине шайлоого баштап бараткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев партиянын кеңсесине укук коргоо органдары келип, тинтүү жүргүзүп жатканын айтып "Фейсбуктагы" баракчасынан түз эфирге чыккан.
Буга чейин социалдык тармактарда Карамушкина жана Чолпонбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сүйлөшүп жатканы угулат.
Бул иш боюнча азырынча БШК комментарий бере элек.
Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына СДПК партиясынан депутат болгон.
Автор: Максат боромбаев
Автор: Улукбек кызы Асем > 382 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat