БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Спортчуларга берилген унаалардын 10ну Кыргызстанда чыгарылган

Спортчуларга берилген унаалардын 10ну Кыргызстанда чыгарылган

Сүрөт: Дайырбек Орунбеков

Олимпиадага катышкан спортчуларга белекке берилген 16 унаанын 10ну Кыргызстанда чыгарылган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жарыялады. 

“Бүгүн спортчуларыбызды күтүп алып, өлкөбүз кубанычка бөлөндү. Жеңишти бирге белгиледик. Дагы бир кубанычтуу маалымат менен бөлүшө кетейин. Дүйнөлүк Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнөн тышкары, катышуучуларга берилген 10 даана автомобиль-Кыргызстанда чыгарылган! Болгондо дагы жакында эле ачылган унаа заводдон даярдалган, эң алгачкы өндүрүштүн алдын президенттин колунан белекке алышты! Улуттук спорт- ата мекендик өндүрүш!”

Эске салсак, 18-июлда Чүйдүн Москва районунда жайгашкан кыргыз-өзбек автоунаа чогултуучу завод расмий ишке берилген. Анда Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунаалар чыгарылат. 

Бүгүн, 13-августта эрте менен Парижде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчулары кайтып келишти. Аларды сыйлоо салтанаты Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Спортчулардын ар бирине акчалай сыйлык жана автоунаа тапшырылды.  

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей