БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасынын кызматтан кетүү арызын канааттандырды

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасынын кызматтан кетүү арызын канааттандырды

Сүрөт интернеттен алынды

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды. Бул тууралуу чечим 9-октябрда чыккан. 

Базарбаев өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз жазган. Сунуш кечээ, Судьялар кеңешинин отурумунда каралып, президентке жөнөтүлдү.

Замирбек Базарбеков бул кызматка 2022-жылы февраль айында келген. Ага чейин 2020-2021-жылдары президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Жогорку соттун судьясы кызматтарында эмгектенген.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей