БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сулайман-Тоо эскалатор менен. TOP-5 жасалма интеллект

Сулайман-Тоо эскалатор менен. TOP-5 жасалма интеллект

Жасалма интеллект тарткан сүрөт

Жасалма интеллект — бул дүйнө жүзүндө популярдуулукка ээ болуп жаткан тармак. Ал пайда болгондон бери мурда мүмкүн эмес болгон кээ бир нерселер азыр реалдуу. Анткени жасалма интелект адамдарга караганда кандайдыр бир маалыматты тез өздөштүрүп, өзүн-өзү окута алат. Азырынча бул программалар кыргыз тилинде жеткиликсиз.

"Т-Медиа"адамдардын күнүмдүк жашоосуна, жумушуна пайдасы тийип жаткан кызыктуу беш жасалма интеллект тууралуу маалыматтарды чогултту.

Тексти сүрөткө айлантат

Жасалма интелект таркан сүрөт. Сулайман-Тоо эскалатор менен

Adobe Firefly - бул жасалма интеллект сиздин оюнуздагы көрүнүштү сүрөткө айландырып берет. Башкача айтканда, аталган нейросетке сиз ойлогон нерсени текст форматында жазып, билдирүү жөнөтсөңүз аны сүрөт кылып жасап берет. Мындан сырткары аталган нейросетте сүрөттөрдөгү кээ бир обьектерди өчүрүп же кошуп коюу мүмкүнчүлүгү бар. 

Текст жазат

ChatGPT чатботу

ChatGPT – эң көп функционалдуу жана популярдуу нейрондук тармактардын бири. Анын колдонуучуларынын саны 2023-жылдын февралында дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашкан. Бул жасалма интелект платформаларынын арасында рекорддук көрсөткүч. Чатбот берилген тапшырма боюнча тексттерди белгилүү акын-жазуучулардын стилиндей кылып поэзия жана проза жаза алат. Текстен каталарды издеп, кыскартып, кызыктуу кылып редакциялайт. 

Суроолорго жоопторду түзө алат. ChatGPT менен иштөө үчүн суроо-талап сабына өз каалооңузду жазышыңыз керек. Сурооңуз канчалык так жана деталдуу болсо, ошончолук жакшы  жана нейрондук тармактын жооп беришин күтүңүз. Эгер натыйжа сизди канааттандырбаса, чатботко тактоочу суроолорду бересеңиз болот. 

Сүрөттөрдөгү жүздөрдү жандантат

Тиркеменин авторлору белгилүү оратор Авраам Линкольн сүрөтүн MyHeritage нейро сеттин жардамында жандандырып сүйлөтүшкөн.

MyHeritage - жасалма интелектин колдонуучулары ага каалаган сүрөттөрүн жүктөп, алардын көздөрүн кыймылдатып, баштарын буруп, жылмайган анимацияларды жасай алышат. Анимация технологиясын баштоодон мурун ал сүрөттүн сапатын жакшыртат. Натыйжада жогорку сапаттагы кыймылдуу сүрөт пайда болот. Мындан сырткары кызмат толук кандуу үй-бүлө дарагын курууну сунуш кылат. Анткени бул тиркеменин колдонуучулары анын кызматын көбүнчө өзүнүн үй-бүлөсүндөгү адамдардын сүрөттөрүн жандантканы колдонушат. Акысыз версия 14 күн иштейт. 

Эски, ак-кара түстөгү сүрөттөрдү түстүү кылат

Жасалма интелект түстүү боёк берген сүрөт

Palette - жасалма интеллект көбүнчө эски сүрөттөр менен иштейт. Анын милдети аларды түстүү кылуу. Нейросеть алгач сүрөттө эмне көрсөтүлгөнүн аныктайт, андан кийин сиздин табитиңизге ылайыктуу бир нече түстүү сүрөттөрдүн мисалдарын сунуштайт. Аларды сүрөткө колдонууга болот. 

Сиз аталган жасалма интелекти акысыз иштете аласыз. Бирок андан кийин алардын сапаты 500x500 пикселден ашпайт. Palette нейронуна жазылуу аркылуу же жеке сүрөт үчүн төлөгөндөн кийин сүрөттөрдү жакшы сапатта жүктөй аласыз.

Үндү белгилүү адамдардыкындай кылып өзгөртөт

Voicemod - видеоконтент жаратуучулар үчүн ылайыктуу. Бул программа менен сиз үнүңүздү реалдуу убакытта ар кандай кылып өзгөртө аласыз. Анда демон эффекти, робот, бурундук жана башкалар сыяктуу чыпкаларды колдонсо болот. Ошондой эле үндүн тембрин өзгөртүүгө, эркектин үнүн аялдыкына же тескерисинче өзгөртүүгө болот. Анын кызматы ошондой эле түз эфирде же достор менен баарлашууда колдонуу үчүн миңдеген үн эффекттери, клиптер жана мемдер менен маалымат базасын сунуштайт. Сиз жыйнактарга өз файлдарыңызды жүктөй аласыз, анан аларды башка колдонуучулар менен бөлүшүүгө болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей