БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сулайман-Тоодо акыркы он жылда 53 ирет өрт катталган

Сулайман-Тоодо акыркы он жылда 53 ирет өрт катталган

Сүрөт: "Говори тв"

Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоодо акыркы он жылда 53 ирет өрт чыккан. Эң көбү 2018-жылы катталып, бир жылда 15 ирет  кайталанган.

Тоодо быйыл да 26-июндун кечинде өрт чыгып, кургак чөптү 10 гектар аянты күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жөө эмнеден улам келип чыкканы боюнча маалымат бере элек. 

Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексинин жетекчилиги “кырсыкка бөтөлкөнүн сыныгы себеп болушу мүмкүн” деп болжолдоодо. Мекеменин кызматкери  Беколот Ибраимов өрттүн алдын алуу иштери жүргүзүлгөнүн, ал эми тоодогу чөптү ооруга болбой тургандыгын айтат. 

"Март-апрель айында чөптү көгөрүп турганда эле оруп салса болобу?" деген сунуштар түшүп жатат. Бирок ал жерде мүрзө болгондуктан бул ишти жасоо кыйын экен. Кээ бир мүрзөлөр ачык да. Эмнеге дегенде мүрзөлөр жамгырдан, кышында аккан суулардан, жадагалса сөөк көрүнгөн учурлар дагы бар экен. Ошол  жерге да түшүп кетиши мүмкүн. 

 Сулайман-Тоо 2009-жылы июнь айында ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген. Корук аймак дээрлик 125 гектарды түзөт.

 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей