БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сулайман-Тоодо бадамдар кыш чилдеде гүлүн ачууга камданды. Сүрөт баян

Сулайман-Тоодо бадамдар кыш чилдеде гүлүн ачууга камданды. Сүрөт баян

tmedia/Nargiza Anarbaeva

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо. Жер көктөп, дарактар бүчүр алып, гүлүн ачууга камданып калды. Бирок азыр кыш чилденин мезгили. Мындайда аяз чыкылдап, шаарды аппак кар каптап турушу керек эле. 

Сулайман-Тоодогу жазды күтпөй, гүлдөөгө камданган дарактарды "Т-Медиа" сүрөткө тартып келди. 

Азыр тоодогу бадамдар былтыр алган түшүмүн күүп бүтө элек. 

Жер көктөп, чөптөр жанданып калган.

Быйыл кыш чилдеси 7-январда түшкөн. Бүгүн 12-январь. Демейде бул күндөрү жерди аппак кар каптап турчу. Демек, алдыда кар жаап, суук болбойт деген кепилдик жок. 

Бирок агрономдор бадам үчүн гүлүн эрте ачып, андан кийин суукта калуу анчейин кооптуу эмес экенин түшүндүрдү. 

Буга чейин журналисттер Баткенде да өрүк гүлдөй баштаганын чагылдырып келишкен. Бул өсүмдүк бүтүндөй аймактын киреше булагы. Ошондуктан багбандар аны үшүк алып кетишинен чоочулап жатат.

"Т-Медиага" агроном Адан Коккозов азыр бүчүр алып калган өрүктөр, гүлүн ача электе же мөмө түйүп калганда суукка кабылса гана жабыркабай турганын түшүндүрүп берди.

"Бадамдар суукка чыдамдуу болот. Алар эрте козголгучтар. Азыр козголсо, козголбосо да зыяны жок. Бирок өрүктүн гүлү ачылып калгандан кийин суук боло турган болсо, аны үшүк уруп кетет. Суук боло электе мөмө түйүп калса, кийин суук болсо да жабыркабайт. Бирок азыр чилде да чыга элек. Ошого суук болбойт деген кепилдик жок. Азыр гүлдөгөн өрүктөрдү сактап калуу үчүн сугарып, суукка каршы ыкмаларды жасап сактап калганга аракет кылса болот. Агротехникалык үшүккө алдырбоонун жолдору бар. Мисалы, түтөткү салса болот. Эртең менен кечинде шамал кайсыл тараптан түшүшүн карап, анын багытына ылайыктап түтөткү салуу жолдору да бар. Себеби ошол аба ырайынын температурасын төмөндөтпөйт" - деди агроном.

 

Буга чейин алмалардын кеч күздө гүлдөп калган учурары да айтылган. Агроном муну алманын кээ бир сорттору үчүн нормалдуу эле көрүнүш экенин айтты. Ал эми өрүктөр бир жылда бир жолу гана ойгонгонго даярданган өсүмдүк болгондуктан үшүк алса, жазда кайра гүлдөбөйт. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей