БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Сулайман-Тоодо таш кулап, туристтик жол убактылуу жабылды

Сулайман-Тоодо таш кулап, туристтик жол убактылуу жабылды

Сүрөт: Сулайман-Тоо музейи

Сулайман-Тоодогу таш кулаган аймакта бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун өнүгүү иштери боюнча орун басары Нуржамал Сапарбаева "Т-Медиага" билдирди.

Анын маалымдашынча, 18-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн. Буга байланыштуу 19-майдан бери тоодогу туристтик жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

"ӨКМ тарабынан мониторинг иштери жыйынтыкталып, коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө режими калыбына келтирилет. Тоого чыгуу күнү аныкталганда кошумча маалымат беребиз".

18-майда катуу  жаандан улам жүргөн селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаарга караган аймактарда 23 турак жайды,үч социалдык обьектти суу каптаган. Мындан сырткары көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөлөрүн да суу кирген.

Автор: Осмонова Айдана > 815 макала