БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сулайман -Тоого кечки саат алтыдан кийин чыгууга чектөө киргизилди

Сулайман -Тоого кечки саат алтыдан кийин чыгууга чектөө киргизилди

Сүрөт: Жуманасыр Сапанов

Ош шаарындагы Сулайман-Тоого улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына саат 18:00дөн кийин кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чечим жарандардын коопсуздугуна байланыштуу кабыл алынганы мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Сулайман-Тоодо жарыктандыруу жакшы каралган эмес. Мындан сырткары тоодо суицид көбөйгөндүгүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды. Тоодо ооз ачууга, пикник кылууга уруксат жок. Мындай чектөө күн узаргандыгына, аба ырайына карап алынат", -дейт мекеме.

Ал эми Сулайман-Тоого кирүү акысы 20 сомдон 70 сомго көтөрүлдү. Бааны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Монополияга жөнгө салуу кызматы биргеликте бекитип, былтыр ноябрдан тарта иштеп баштаган. 

Социалдык тармактарда Сулайман-Тоого кечки саат алтыдан кийин киргизбей жаткандыгы боюнча видеолор чыккан. Көпчүлүк жарандар бул чечимди колдоп жазышкан.

Үстүбүздөгү жылдын январында 28 жаштагы кыз Сулайман-Тоодон кулап кетип, алган жаракатынан улам көз жумган. 

Музей комплекс 2009-жылы июнь айында ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген. Анын аймагына желим баштык, ар кандай буюмдарды алып кирүүгө ушул жылдын январь айында тыюу салынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей