БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Суу кечип өтөбүз". Кара-Сууда эл менен жеке жаран жолду талашууда

"Суу кечип өтөбүз". Кара-Сууда эл менен жеке жаран жолду талашууда

"Т-Медиа"

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Чагыр айылынын тургундары сайдагы сууну күн сайын кечип өтүүгө мажбур. Учурда суунун көлөмү аз. Бирок жаан жааганда көбөйүп, ары-бери өтүүдө көйгөй жаралат. Мындайда жашоочулар сууну азайышын бир нече күндөп күтүп калышат. Ал эми сууну бойлоп өтө турган жол менчикке өтүп, жеке адамдын короосу тосуп калган.

"Бул жолдон сел келгенде эч ким өтө албай калат. Дөңсөөдөн секирип же айылды аралап өтүүгө туура келет. Жалгыз-аяк жолубуз бар эле, аныда тосуп алган", -дейт айыл тургуну Өмүрбек Абакиров.

Аталган айыл Мады айыл аймагынан четте жайгашып калган. Учурда 12 түтүн үй бар. Суу кечип кыйналган эл ал жерди менчиктештирип алган Максуд Мамытов аттуу жарандын жолду ачып беришин талап кылып жатышат.

"Союз убагында жол бар эле. Ошону кайра кайтарып берсин. Жаш балдар бакчага бара албай жатат. Майыптыгы бар балдар бар. Алар бул сайдан өтө алышпайт. Айыл өкмөткө, акимге, облустук сотко да бардык. Биз тарапка чечим чыгарылганы менен жол ачылбай жатат. Айыл өкмөт алып бере албайт же министирлик чечпей жатат", -деди Бүайша Каримкулова.

Жашоочулар үч жыл мурун кошунасынын үстүнөн Кара-Суу райондук сотуна арыз жазышкан. Маселе Жогорку сотко чейин жетип, Максуд Мамытовдун кызыл китеби жокко чыккан. Бирок соттун чечиминде жол ачуу каралган эмес. Мындан улам жергиликтүү бийлик жолду ээлеп турган жеке жарандын тосмолорун өз алдынча ала албай турат. 

"Кара-Суу райондук "Кадастр" ишканасы сайга чейин мамлекеттик акт жасап берип койгон. Суунун алты метр корук зонасы калтырылган эмес. Биз барып эле анын (ред-Максуд Мамытов) тосмосун алып салууга акыбыз жок. Бирок Мамытов соттун чечимин тоготпой жатат да", -деди Мады айыл өкмөтүнүн орун басары Абдирашит Шаданов.

Жолду тосуп алды делген Мамытовдон өзүнөн жооп алууга барганыбызда, уулу атасы үйдө жок экенин айтты. Мамытовдун өзү менен  байланышууга болбоду. Бул тилке негизи мамлекеттик суу фондунун карамагында турат. Себеби, Кара-Суу райондук администрациясы 1996-жылы суу корук зоналар боюнча токтом кабыл алган. Анда Мады сайынын суу коргоо тилкеси алты метр деп белгиленген.

"Мады сайынын бою райондук да, облустук да Суу чарбасына карабайт. Мындай корук зонага капиталдык курулуштарды курууга болбойт. Убактылуу гана пайдаланууга уруксат берилет. Ал уруксат деле мыйзамдуу документ болуп эсептелбейт", -деди Ош башкы суу чарба башкармасынын адиси Эркин Абдырахманов.

Эми айыл өкмөт жолду ачтыруу боюнча кайрадан арыз бергени жатат. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей