БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта багбан менен кыш завод жер талашууда

Сузакта багбан менен кыш завод жер талашууда

Сүрөт: "Т-Медиа"

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө багбан Шумкарбек Бакиров менен "МК-Юг-Строй" ЖЧКсына таандык кыш завод дээрлик эки жылдан бери 15 метр жерди талашып келишүүдө. Кыш чыгаруучу заводдун өкүлдөрү багбан жерине бастырып кирип, тосмолоп алганын айтышууда. Ал эми багбан айыл өкмөт көргөзгөн жерден гана кашалаганын билдирүүдө.

 

Шумкарбек Бакиров  мындан үч жыл мурун Барпы айыл өкмөтүнөн төрт гектар  жер ижарага алып бак тиккен. Бүгүнкү күндө олтургузган бактар жетилип мөмө бере баштаган. Бирок ал тиккен мөмө -дарактары жок болуу коркунучунда турганын айтат. 

"Бул суулу жер. Кандайдыр бир себептерден улам бул беш гектар жерге лицензия берилип кеткен. Бирок өлчөп келгенде бизге 20-25 метрге жетпей булардын чек арасы бүтөт. Кыш заводдун картасын да көргөм. Эми кандайдыр бир себептен улам булар дагы 15 метр бакты бузуп киришибиз керек деп жатат", -дейт багбан.

Ал эми "МК-ЮГ-Строй" ЖЧКсынын өкүлү Жеңиш Бадиринов Бакировдун айткандарын төгүндөп жатат. Багбан "биздин жерге кирип кеткен" дешүүдө. Алардын пикиринде, тосмодон ары дагы элүү метр аралыктагы жер кыш заводго таандык.

Ишкер Конституциялык сотко кайрылат

Буга чейин эки тарап жер маселесинен улам Сузак райондук сотуна да кайрылышкан. Мекеме "МК-ЮГ-Строй" компаниясынын даттануусун канаатандырып, ортодогу тосмону алып салуу чечимин чыгарган. Акыркы чечимди Жогорку Сот чыгарган. Ал эми соттон утулуп калган багбан алдыда Конституциялык сотко кайрыларын билдирди.

Соттошуп, жер талашып жаткан эки тарап тең жерди Барпы айыл өкмөтүнөн ижарга алган. Бул учурда жерди бөлүштүрүп берген тарап катары аныктык киргизүүчү бийлик айыл өкмөт. Бирок мындагы жер адиси "мен ал жерди өлчөп таш коюп койгом калганы менин ишим эмес" деп жооп берди.

"Мен өлчөп бергенимде багбан Шумкарбек Бакировго "ушул жерге чейин сенин жериң. Калганы кыш чыгарган ишкананыкы" деп айтып көрсөтүп бергем. Өлчөнгөн жерге таш коюп өлчөгөнбүз"-дейт Аталаган айыл өкмөттүн жер адиси Сапарбек Назаров.

Учурда эки тараптын макулдугу менен ортодогу тосмо алынган жок. Сот аткаруучулар чек араларды тактоого чейин мөөнөтү жылдырылганы маалым болуп, эки тараптан тил кат алынып, жерлерин тактап алууга бир жума убакыт берилген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей