БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузак: президенттик фонддон жабыркагандарга жардам берилди

Сузак: президенттик фонддон жабыркагандарга жардам берилди

Интернеттен алынды

Жалал-Абаддын Сузак районунда "Манас айтуу" фестивалында автоунаа тебелеп, реанимацияда жаткан беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Жабыркаган дагы отуз балага 50 миң сомдон бөлүндү. Каражатты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 3-майда тапшырды.

Ташиев бейтаптардын ата-энелери менен жолугушуп, абалы оор балдар Бишкекке учак менен жеткирилип дарыланарын билдирди. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү да жабыркагандарга акчалай жардам берилерин маалымдады.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда ордунан жылып кеткен "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машиненин алдында калып жабыр тарткандардын саны 35ке жетти. Беш бала жандандыруу бөлүмүндө, алардын абалы туруктуу экени айтылууда. Жабырлануучулардын арасында 35 жаштагы мугалим да бар. Кырсык болгон учурда ал боз үйдүн ичинде болгон. Бейтап учурда чоңдор арасындагы облустук ооруканада жатат.

Окуучулар арасында уюштурулган республикалык "Манас айтуу" фестивалы Сузактагы кырсыктан кийин токтотулду.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей