БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери көз жумду

Сузакта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери көз жумду

Сүрөт: "Т-Медиа"

Сузак районундагы Улуу Ата  Мекендик согуштун 100 жаштагы ардагери Тешебай Аширов дүйнө салды. Бул маалыматы “Т-Медига” Сузак аймактык ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучу Акжол Тургунбаев тастыктады. 

Анын айтымына караганда кечээ, 31-декабрь күнү өзу туулуп-өскөн Ырыс айыл аймагына жерге берилген. 

Эске салсак, 12-декабрда социалдык тармактарда Ашировдун Сузакта ооруканалардын бирининин коридорунда дарыланып жаткан сүрөттү тараган. Бул окуя Сузак райондук жалпы дарыгердик практика борборунда катталган. Мекеменин жетекчиси ооруканада орун жоктугунан убактылуу жайгаштырылып турганын билдирген.

Согуштун ардагери ооруканадан чыгып, үйүндө дарыланып жаткан. Тешебай Аширов 1924-жылы туулган. Анын артында үч баласы, беш небереси калды.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей