БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта 350 метр узундуктагы жашыруун казылган туннел табылды

Сузакта 350 метр узундуктагы жашыруун казылган туннел табылды

Интернеттен алынды

20-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүү үчүн жер астында казылган 350 метр узундуктагы туннел табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

"Текшерүүдө Бек-Абад айылынын тургуну 1983-жылы туулган жарандын үйүнүн короосунда шагыл үйүлүп турганы аныкталган. Үйдүн ичиндеги бөлмөдө туннелге түшүүчү атайын эшик орнотулган. Анын тереңдиги 12,5 метр болгон. Туннел Өзбекстандын  Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун аймагына карай узундугу 350 метр, бийиктиги 2 метр 20 см. туурасы 1 метр болуп казылган", - деп жазылган маалыматта.

Милиция маалымдашынча, туннелдин ичине атайын электр жарыктары орнотулуп, эки тарапка адамдар жөө басып өтүүгө, жүк жана башка буюмдарды мыйзамсыз ташууга ылайыкталган. Үйдүн короосунан туннел казганга колдонулган үй шаймандары, казуу учурунда кийилген эркек кишинин кийимдери алынган.

Ушул эле күнү Сузакта дагы бир жер астынан казылган туннел табылган. Азыркы учурда бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

Бек-Абад айылында табылган туннелди казып алган жарандар коңшу өлкөдө кармалганын Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактары маалымдаганын "Азаттык" жазып чыкты.  Ага ылайык, эки өлкөгө жер алдынан өтүүчү туннел казган кыргызстандык жарандар Өзбекстанга чыккан кезде кармалган жана камакка алынган. Алар коңшу өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүүгө айыпталып, жазага тартылышы ыктымал.

Бул тууралуу азырынча Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.

2023-жылдын май айында Өзбекстанда Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуу максатында жер астынан жол казган деп айыпталган онго жакын өзбек жараны соттолгон. Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Баткендин Кадамжай районунда да ушундай эле туннелдер табылган.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей