БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта 96 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду. Сүрөт баян

Сузакта 96 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду. Сүрөт баян

1

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташкан «Үмүт» социалдык шаарчасы пайдаланууга берилди. Долбоор жергиликтүү бийликтин жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылган.

Президенттин Жалал-Абад облсунудагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, социадык шаарча үчүн 3 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Анда тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулду.

 

 

 

 

 

 

Турак үйлөрдүн жашоочуларын социалдык долбоордун демөөрчүлөрү тандаган. Ага ылайык, 96 үй көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлдү.

 

 

 

Сүрөттөр: Жалал-Абад облустук администрациясы

Эске салсак: буга чейин «Ас-Сафа борбору» аталган облустун Ноокен районундагы Аримжан айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 100 батирлүү 25 социалдык турак жай куруп берген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей